Аламүдүндөгү жол кырсыгында жеӊил унаа күйүп кетип, бир адам каза болду

Автор -

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ленин айылында «КамАЗ» автоунаасы менен «Тайота Прад» үлгүсүндөгү автоунаасы кагылышып, жеңил унаа күйүп кетти. Анын натыйжасында бир адам каза болуп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 5-май күнү кечкисин аталган айылдагы Алма-Ата көчөсүндө болду. ӨКМдин Аламүдүн райондук №1 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда каза болгон жана жабыркаган адамдардын аттары такталууда.

 

Бөлүшүү