Араван районундагы селден улам 20 турак үйдү, мектепти,бала бакчаны суу каптады (Сүрөт)

Автор -
347

2018-жылдын 16-май күнү   саат 11:30 чамасында Ош облусунун Араван районунун Али Анаров айыл аймагынын Маданият айылында жааган жаандын кесепетинен тоодон сел суулары агып, 20 турак үйлөрдүн,  1 мектептин жана 1 бала бакчанын короолорун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеринде айыл аймак тарабынан Беларус трактору тартылып, суу каптаган жерлерди калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө.

Кошумча маалымат берилет.

Бөлүшүү