Арменияда премьер-министрликке Пашиняндын талапкерлиги көрсөтүлдү

Автор -
227

Арменияда парламенттеги оппозициялык «Елк» фракциясы өлкөнүн премьер-министри кызматына лидери Никол Пашиняндын талапкерлигин көрсөттү.

Пашиняндын бул кызматка келиши үчүн 53 депутаттын колдоосу керек.Учурда парламентте «Елк» партиясынын тогуз, дагы бир «Царукян» деп аталган оппозициялык партиянын 31 депутаты бар.

Шаршембиде Республика жана «Дашнакцутюн революциялык федерациясы» фракцияларынан түзүлгөн парламенттеги көпчүлүк коалиция таркап кеткен.

Арменияда эки жумадан бери уланып жаткан каршылык акциялары премьер-министр Серж Саргсянды отставкага кетүүгө аргасыз кылды. Ал өлкөнү президент катары 10 жыл башкарып, акыркы мөөнөтүндө конституциялык реформа аркылуу премьердин ыйгарым укуктарын кеңейткен.

Шаршембиде оппозиция лидери Никол Пашиняндын тарапташтары жарандык баш ийбөө акцияларын кайрадан башташты. Буга Пашинян менен өкмөт башчынын милдетин аткарып жаткан, башкаруучу Республикачыл партиянын өкүлү Карен Карапетяндын жолугушуусу болбой калгандыгы себеп болду.

 

Бөлүшүү