Ажыларды ташуучу сынакка бир гана авиакомпания катышты

Автор -

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында ажыларды ташуучу тараптар ортосунда сынак өтүп, ага Сауд Араб Падышачылыгынын жарандык Flaynas авиакомпаниясы гана катышты. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирет.

Сынактын талаптарына ылайык Flaynas авиакомпаниясы тиешелүү документтерин сунуштап, эки тараптуу талкуу жүргүзүштү.

“Быйыл Flaynas кыргызстандык ажыларды ташууда авиабилеттин наркы $1, 550 миң болоорун белгилеп, авиакомпания 2017-жылдагы бааны өзгөрүүсүз калтырылгандыгын кошумчалады. Flaynas ажыларды 10 жылдан бери ташып келет. Сынактын жыйынтыгында 2018-жылдагы убактылуу республикалык штабдын өкүлдөрү бир добуштан ажыларды ташууда кызмат көрсөтүү үчүн Flaynas авиакомпаниясын тандап алышты”, – делет билдирүүдө.

Бөлүшүү