Ажылык сапарына баруу үчүн 6 миң 895 талапкер катталды

Автор -
0
Сүрөт: ru.sputniknews-uz.com

2018-жылдагы ажылыкка талапкерлерди серверге каттоо иши бүгүн, 28-февралда саат 17:00до токтотулду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы билдирет.

Бул берилген квотадан 1580ге ашкан. Ал эми берилген квотадан ашкан талапкерлер 2019-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн аймактык кезекке турушмакчы.

Облустар боюнча катталган талапкерлердин саны:

Баткен облусу-628;

Ош облусу-2548;

Ош шаары-782

Жалал-Абад облусу-1313;

Чүй облусу-965;

Бишкек шаары-447;

Талас облусу-94;

Нарын облусу-45;

Ысык-Көл облусу-73.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү