Ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация $2 миң 890 түздү

Автор -
0
Сүрөт: ru.sputniknews-uz.com

2018-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькулация $2 миң 890 түздү. Ал эми 2018-жылы ажылык сапарына барууну максат кылып, аймактык кезекке туруу үчүн $500 жана 1000 сом төлөп, документтерин талапка ылайык толук тапшырып, электрондук тизмеге катталгып, ажылык сапарына барууга мүмкүнчүлүк алган талапкерлер калькулацияда көрсөтүлгөн $2 миң 890 калган $2 миң 390 2018-жылдын 19-мартынан 13-апрель саат17:00гө чейин РСК банкына төлөөлөрү зарыл.

Эскертүү: Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай району, Ош облусунун Араван, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн, Чоң-Алай райондору жана Ош шаарынан ажылык сапарына катталган талапкерлер өздөрүнүн аймагындагы ажылыкка каттоочу операторлордон тизмелерин тактатып алгандан кийин гана төлөмдөрдү РСК банкына төлөөлөрү зарыл. Себеби, жогоруда көрсөтүлгөн аймактар өз квоталарынан ашып кеткендиктен улам кезекке туруп калгандар бар. Ошондуктан бул аймактан катталган талапкерлер алгач өздөрүнүн тизмелерин тактап алуулары маанилүү.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү