Азимжан Аскаровдун жубайы БУУнун комитетине кайрылды

Автор -
202

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоо маселелери боюнча комитетине кайрылды. Өткөн аптада ал комитеттин Женевада өткөн сессиясына катышып сөз сүйлөдү.

«Ал кандуу окуялардан бери сегиз жыл өттү. Баарын эмоциясыз жана калыс карап чыгууга жетиштүү мезгил болду. Каталарды моюнга алып, оңдоого убакыт келип жетти. Баарыңардан менин күйөөмдүн жана ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча катаал жазага туш болгон ондогон башка адамдардын иши боюнча акыйкатты калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү суранам», — деди аялы.

Бир ай мурда Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Аскаровдун жана аны менен кошо соттолгон жети адамдын ишин көз каранды эмес эксперттердин кайра кароосуна жөнөтүп, мыйзам бузуу аныкталса иликтөөнү башка тергөөчүлөргө жана чечим чыгарууну башка сотторго берүүнү суранган, мүмкүн болсо Аскаровго мунапыс беришин өтүнгөн.

Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Эл аралык коомчулук ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.

 

Бөлүшүү