Белорусияда паркка Чыӊгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Автор -
0

Беларусиянын Минск шаарындагы паркка улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Минск шаардык кеңешинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык , орус жана кыргыз адабиятындагы классиктин ысымы Плеханов – Ванеев – Райнис көчөлөрүнүн чек арасында жайгашкан паркка ыйгарылган.

Эскерте кетсек, белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгына арналган жаштар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында сынак жарыяланган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү