Бишкек: Мектеп бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 унаа жол кырсыгына кабылды

Автор -
0

Бишкекте мектептин бүтүрүүчүлөрү бара жаткан 4 унаа жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Жол кырсыгы Бишкек шаарынын Элебесов жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде саат 12:30дар чамасында болгон. Анда 3 Mercedes-Benz, 1 Lexus үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп алган. Ал 4 унаанын баарынын ичинде мектепти аяктап жаткан окуучулар болгон. Жол кырсыгынан эч ким жаракат алган эмес. Учурда бул факты боюнча биздин кызматкерлер иш алып барып жатат, унаалардын баары айып аянтчасына токтотулду», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү