Бишкек-Ош унаа жолунда каза болгон үч адамдын өздүгү такталды

Автор -
0

Кечээ, 3-майда болжол менен саат 07:10 чамасында жол кырсыгы катталып, 3 адам каза болуп, бирөө жабыркаган. ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, каза болгон адамдардын өздүктөрү такталган.

Алар:

-1998-жылы туулган А.С., аттуу эркек киши;

-2000-жылы туулган К.А., аттуу аял;

-1999-жылы туулган Д.Б., аттуу аял;

-1998-жылы туулган А.И., аттуу айдоочу жабыркаган.

Маалым болгондой, жабыркаган айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жаткырылган, ал эми каза болгондордун жансыз денелери ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү