Бишкекте 18-май «Музейлер түнү» акциясы башталат

Автор -
303

Бүгүн, 18-майда Бишкек шаарында «Музейлер түнү» аттуу маданий акция башталат.

«OYOUM group» чыгармачыл тобунун өкүлдөрү кабарлашкандай, иш- чара кечки саат 18:00дө башталып 00:00гө чейин уланат. Ар бир маданий жайда ар башка программалар, көргөзмөлөр, мастер-класстар тартууланат.

Иш чара өтө турчу жайлардын тизмеси:

-Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейи;

-Касымалы Баялинов атындагы республикалык китепкана;

-Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театры;

-«Туңгуч» театры;

-Михаил Фрунзенин үй-музейи;

-Ольга Мануйлова атындагы мемориалдык үй-музейи;

-Семён Чуйков атындагы мемориалдык үй-музейи;

-Сүймөнкул Чокморовдун кол өнөрчүлүк музейи;

-Ачык асман алдындагы «Эмен багы» сүрөт музейи;

-Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи;

-Чыңгыз Айтматов атындагы тасма үйү;

-Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөрүнүн «Эмен багы» паркындагы көрсөтмө залы;

-«Asanbay» борбору;

-Студия 705;

-«Loft» цехи;

Аталган иш-чара 20-май күнү алгачкы ирет өлкөнүн башка аймактарында да өтөрүн уюштуруучулар кошумчалады.

Өлкөнүн башка аймактарында «Музейлер түнү» акциясы өтчү жерлер:

-Ош шаары, «Сулайман-тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси;

-Талас шаарындагы «Манас-Ордо» улуттук комплекси;

-Баткен облустук драма театры;

-Жалал-Абад шарындагы «Билимкана» галереясы;

-Ысык-Көл областынын Кажы-Сай айылындагы Shygaev museum заманбап искусство музейи;

-Ысык-Көлдөгү Сары-Ой айылында жайгашкан Курманжан датка атындагы көчмөн цивилизация борбору;

-Нарын шаарындагы тарыхый-этнографиялык музей.

Аталган иш-чараны «OYOUM group» чыгармачыл тобу Маданият жана туризим министирлиги менен биргеликте бешинчи ирет өткөрүп жатат.

 

Бөлүшүү