Бишкекте 18 жаштагы кызды ала качып, зордуктаган жигит кармалды

Автор -
481

24 жаштагы жигит 18 жаштагы кызды Бишкектен Жумгалга ала качып барып зордуктап салды. Бул тууралуу жабырлануучу кыздын эжеси Айзат билдирди.

Анын айтымында, алар 2 айдан бери кызды ала качкан жигиттин атасынын үйүн ижарага алып, Ак өргө конушунда жашап жатышкан.

«10-июнда саат 16:00 чамасында ала качкан баланын эжеси сиңдимди баштыктарды көтөрүшүп коюусун айтып чакырып, андан ары ала качып кетишти. Атам алардын артынан жетпей калды. Ала качкан жигиттин эжеси телефон чалып, кыз эч нерсе болбогондугун айтты. Биз сиңдим менен телефондон сүйлөшсөк «отурбайм алып кеткиле» деп ыйлады», — деди ал.

Алар кызды Жумгал районуна ала качып барышкан.

«Мен сиңдимди Жумгал РИИБден көрдүм, денеси көгала экен. Анын айтымында, аны күч менен макулдугу жок  ала качкан бала менен жалгыз камап салышкан. Бала аны зордуктап салыптыр», — деди Айзат.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында, азыр бала кармалды.

«Бирок ал жерде айдоочу, шектүүнүн эжеси да болгон. Алардын бардыгы эркиндикте жүрүшөт. Кылмыш бул жигиттин ата-энеси тарабынан да жасалган», — деди ал.

Бөлүшүү