Бишкекте 3 унаа кагышып, 5 бала жаракат алды

Автор -
0

Бишкекте 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 5 бала жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облусундагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 27-майда саат 16:00дөр чамасында Бишкек шаарынан «Манас» аэропортуна бара жаткан жолдо болгон.

«Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаа Volkswagen үлгүсүндөгү унаадан ашып өтүүгө аракет кылган. Натыйжада карама каршы тилкелерди бөлүп турган тосмону сүзгөн. Артында бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа аны сүзүп алган.  Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota Highlander үлгүсүндөгү унаада бара жаткан 5 бала жеңил жаракаттарды алышкан. Алардын бири 13 жашта болсо, төртөө 9 жашта болушкан. Жабыр тарткандар ооруканага жеткирилип, алгачкы медициналык жардам алып үйлөрүнө чыгарылган»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү