Бишкекте үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Автор -
0

Бишкекте өрт чыгып, бир адам каза болду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кырсык 9-июнда болжол менен саат 16:20лар чамасында Молодежная көчөсүндө катталган.

Өрттүн натыйжасында үй толугу менен күйүп кеткен жана 1957-жылкы Т.Р.Х., аттуу жаран каза болгон. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

«Өрттүн келип чыгуу себеби газ түтүкчөсүнүн туура эмес колдонулушу»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү