Бишкекте «Өлбөс полк» жөө жүрүшү башталды (Сүрөт)

Автор -
204

Бишкектеги Жеңиш аянтындагы митинг-реквиемге президент Сооронбай Жээнбеков баштаган өлкө жетекчилери катышууда.

«Өлбөс полк» жөө жүрүшүнүн катышуучулары колуна согуштан кайтпай калган жана кийин каза болгон чоң-ата, чоң-апа, туугандарынын сүрөтүн кармап алып борбор калаанын Түштүк дарбазасынан Байтик Баатыр/Абрахманов көчөсү менен Жеңиш аянтына чейин басып келишет. Жолдун жалпы узундугу 6,6 чакырым.

1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согушка 365 миң кыргызстандык катышкан, алардын 115 миңи фронттон кайтпай калган.

Бөлүшүү