Бишкекте мейманканадан интим кызматын көрсөтүп жаткан эки кыз кармалды

Автор -
304

«Бишкекте кыздар интимдик кызмат көрсөткөн жай аныкталды»— деп билдирет Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, милиция кызматына мейманкана катары көрсөтүлгөн менчик үйдө белгисиз аялдар көп убакыт бою интим кызматын көрсөтүп келгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1975-жылкы К.Е., жана 1981-жылкы Д.О., аттуу эки аял кармалган. Тинтүү учурунда үйдөн бойго бүтүрбөөчү каражатттар, маалыматтар жазылган дептерлер жана акча каражаттары табылган»,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мейманканадан интим кызматын көрсөтүп жаткан эки кыз кармалган.

Сот шектүүлөргө карата чара колдонуп, өлкөдөн чыкпоо боюнча бош коргоо чарасы каралды.

Учуда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Иликтөө амалдары жүрүүдө.

Бөлүшүү