Бишкекте ысык суу убагынан эрте берилиши мүмкүн

Автор -
0
Сүрөт:

Бишкек шаарында үйлөргө ысык суу убагынан эрте берилиши күтүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек жылуулук тармагынан  кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаадагы үйлөргө ысык суу берүү 21-майдан 21-июнга чейин токтотулган. Белгиленген убакыт ичинде жыл сайын аткарылып келген пландын алкагында кышка даярдык көрүү үчүн түтүктөр оңдоп-түзөөдөн өткөн.

«12-июндан тартып түтүктөрдү суу менен толтуруу иштери башталган. 15-17-июнь күндөрү түтүктөрдү текшерүү иши орун алат. Эгер түтүктөрдө эч кандай кемчиликтер катталбаса, энергетиктер ысык сууну убагынан эрте берилет»,-деп айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү