Бишкекте жаш кызды  коюп кеткен айдоочу 2 айга камалды (ВИДЕО)

Өткөн ишемби күнү таңкы саат 5те 19 жаштагы кызды койдуруп кеткен айдоочу эки айга тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, буга чейин 25 жаштагы айдоочу мас абалында Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны айдап келе жатып, Чүй проспектиси менен Тоголок Молдо көчөсүнүн кесилишинен өспүрүмдү сүзүп кеткени айтылган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам кырсык болгон жерде жан берген.

Социалдык түйүндөрдө активист Болот Ибрагимов кырсыктын видеосун жарыялаган.

 

Бөлүшүү