Бишкектеги Садырбаев көчөсү 4 айга жабылат

Автор -
0

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Садырбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-июндан тарта Садырбаев көчөсүнүн жогорку тилкеси Семетей көчөсүнөн Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Аталган тилкеде асфальт төшөлүп, жол белгилери орнотулат. Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 30-октябрына чейин уланат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаардыктардан кечирим сурап, жол кыймылынын альтернативдик каттамдарын тандоого чакырат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү