Бишкектин ойлоп тапкыч окуучулары Малайзиядагы олимпиададан 9 медаль утушту

Автор -

Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучулары Малайзия эл аралык жаш ойлоп табуучулардын VII олимпиадасынан (MIYIO — 2018) тогуз медаль утушту. Бул туурасында Sputnik.kg  аталган лицейдин окуу жана тарбия иштери боюнча директорунун орун басары Рустамбек Сатыбалдыевге таянып  билдирди.

Олимпиада Малайзиянын Пенган шаарында 13-15-апрель күндөрү өткөн. Ага 20 өлкөдөн барган 638 окуучу 319 долбоор менен катышкан.

«Биздин лицейден 18 окуучу, эки-экиден команда болуп 9 долбоор даярдап барышкан. Жыйынтыгында эки алтын, бир күмүш жана алты коло медаль алышты. Мындан сырткары, 319 долбоордун ичинен калыстардын өзгөчө тандоосуна татыган беш долбоордун ичине биздин окуучулардын медицина боюнча бир долбоору да кирди. Бул абдан жакшы жетишкендик жана чоң көрсөткүч», — деп билдирди  Сатыбалдыев.

Ошондой эле ал олимпиадага негизинен 9-10 класстын окуучулары катышканын, бирок 7-класста окуган Ильяз Талантбек уулу да долбоор даярдап барып 2-орунга ээ болгонун кошумчалады.

Бөлүшүү