Боксчу Акжол Сулайманбек уулу Россияда WBA Asia титулуна ээ болду

Автор -
250

Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу Россияда WBA Asia титулуна ээ болду. Бул тууралуу RCC Boxing промоутердик компаниясынын Instagram баракчасына жарыяланды.

Профессионалдар арасындагы бокс боюнча мелдеш 22-апрелде Екатеринбург шаарында өттү. Анда Акжол Сулайманбек уулу 59 килограмм салмактагылар арасында венесуэлалык Леонардо Падильи менен 10 раунд бетишип, калыстардын бирдиктүү чечими менен жеңүүчү аталды.

Спорттук иш-чарада Өзбекстан, Индонезия, Колумбия, Венесуэла, Аргентина жана Грузиядан келген жыйырма спортчу күч сынашкан.

Кыргыз мушкери Акжол буга чейин профессионалдар арасында 10 ирет беттеш өткөрүп, бир да жолу утулган эмес. Бокс боюнча КРдин үч жолку чемпиону. 2016-жылдан бери Екатеринбург шаарында спорттук карьерасын улантып келет.

 

Бөлүшүү