Бусурманкул Абдибаит уулу Германиялык мушкер менен беттешет

Автор -
224

Кыргызстандык Бусурманкул Абдибаит уулу эл аралык М-1 Challenge 92 аралаш мушташ боюнча турнирде Германиялык мушкер менен беттешет. Бул тууралуу маалымат М-1 Global сайтына жарыяланды.

Маалым болгондой, турнир 24-майда Санкт-Петербург шаарында өтөт. Бусурманкул Абдибаит уулунун атаандашы Саба Болаги.

Саба Болаги ММАгы карьерасына чейин эркин күрөш боюнча Европа жана дүйнө чемпионаттарында катышып келген. Анын байге куржунунда 10 беттеш, сегиз жеңиш, бир тең чыгуу жана бир утулуу бар.

Мурда кыргызстандык мушкер M-1 Challenge мурдагы мушкери Максим Дивничти жеңип алган.

 

Бөлүшүү