Быйыл Ташкентте Кыргызстандын алгачкы туризм көргөзмөсү өтөт

Автор -

Быйыл 22-23-майда Өзбекстандын борбору Ташкентте Кыргызстандын алгачкы көчмө туризм көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу «Asia Expeditions» туристтик компаниянын жетекчиси Арлан Харов кабарлады.

Көргөзмөгө Кыргызстандан туристтик компаниялардын, пансионаттардын, мейманканалардын жана кымыз менен дарылоо борборлорунун өкүлдөрү барып, бет ачарларын өткөрүшөт. 22-майдагы иш-чаралар Өзбекстандын ишкерлик өкүлдөрүнө, инвесторлорго жана маалымат каражаттарына арналса, 23-майда көргөзмө жөнөкөй жарандарга эшигин ачып, чартердик авиа жана автобустук каттамдар тууралуу маалымат берет.

Буга чейин Кыргызстандын туристтик компаниялары эл аралык гана көргөзмөлөргө катышып келген. Өзүнүн алгачкы көчмө көргөзмөсүн Өзбекстандан баштаганын уюштуруучулар бул өлкөдөгү саясий кырдаалдын өзгөрүшү жана коңшу Кыргызстан менен болгон мамилелердин жылышы менен түшүндүрөт.

Көргөзмө Кыргызстандын Туризм департаментинин жардамы менен Кыргызстандын Курорттор ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жатат.

Бөлүшүү