Үч авиакомпания Бишкек – Ош багытындагы билеттердин наркын төмөндөтөт

Автор -
309

Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык AirManas, Avia Traffic жана TezJet авиакомпаниялары Бишкек – Ош – Бишкек багыты боюнча билеттердин наркын төмөндөтүү тууралуу чечим кабыл алышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аба-ырайынын кескин өзгөрүшү боюнча шашылыш билдирүү жарыяланса, Бишкек – Ош – Бишкек каттамынын бир тарабына карай авиабилеттердин 2700 сомдук наркы кадимки баалардан 27%га төмөн сатылат.

Мындай учурларда Төө-Ашууда жана Бишкек – Ош унаа жолунун башка катаал участкаларында транспортко чектөө киргизилет. Тийиштүү түрдө, бул мезгилде жарандар жеңилдетилген шарттарда транспорттун альтернативдүү түрүнөн, авиакомпаниялардын тейлөөсүнөн пайдалана алышат. Аба-ырайынын өзгөрүүсү боюнча шашылыш билдирүү алынып салынган соң, авиабилеттер баалардын бекитилген прейскурантына ылайык сатылат.

Белгилесек, 11-январда, премьер-министр Сапар Исаков Транспорт жана жолдор министрлигине атамекендик авиакомпаниялар менен биргеликте кышкысын ички авиакаттамдарга карата бааны төмөндөтүү маселесин иштеп чыгууну тапшырган.

Бөлүшүү