Чүй облусу: Жыл башынан бери 588 уурулук фактысы катталды

Автор -
0

Чүй облусунун аймагында 2018-жылдын биринчи бөлүгүндө 588 уурулук фактысы катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Быйылкы жылдын биринчи бөлүгүндө катталган 588 уурулук, өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу 213 кылмышка аз. Ошондой эле Чүй облусунун аймагында турак жайларга болгон уурулук боюнча 203 кылмыш иши катталган, бул 2017-жылга салыштырмалуу 86га аз»,-деп айтылат маалыматта.

Ошо менен бирге, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгы мүлккө байланышкан кылмыштардын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүп жатканы да баса белгилешти.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү