Чечен Республикасында психикалык жактан жабыркаган кыргыз жараны табылды

Автор -
211

Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Чечен Республикасынын чек арасында психикалык жактан жабыркап, оор абалдагы кыргыз жаранын мекенине кайтарышты.

Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиргендей, Кыргызстандык А.Б. бир тууган агасын Чечен Республикасынын Гудермес шаарынан алып келүүгө жардам сурап кайрылган. Элчилик тарабынан ыкчам түрдө консулдук бөлүмдүн кызматкери Чечен Республикасындагы элчиликке жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында 30 жаштагы З.Б. аттуу кыргыз жараны Чечен Республикасы менен Дагестан Республикасынын чек арасынан психикалык жактан жабыркап, оор абалда табылган.

25-апрель күнү кыргыз жараны элчиликтин жана Орусиянын ИИМинин коштоосунда Москва шаарына алып келинип, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Ошондой эле, элчиликтин кызматкери Россия ИИМинин Чеченстан боюнча миграция кызматынан өкүлдөрү менен жолугуп, убактылуу кармоо жайында чет элдиктердин бар-жогун билген. Алардын арасынан кыргызстандыктар кездешкен эмес.

Бөлүшүү