Чет өлкөдөн мыйзамсыз жүк ташып келген унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат

Автор -

Чет өлкөдөн  мыйзамсыз жүк ташып келген унааларга салынуучу айыптардын өлчөмү жогорулатылат. Ошондон улам Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

«Биздин жарандар чет өлкөлөрдө жүк ташууда мыйзам бузса, ири суммадагы айыпка жыгылышат. Ал эми жергебизде жүргөн чет өлкөлүк жүк ташуучулар үчүн салынып келген айып өлчөмү болоор-болбос гана каражатты түзөт. Бул теңсиздикти жоюу  үчүн мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилмекчи. Буга чейин айып өлчөмү 10 миң сомго чейин болсо, эми аны 50 миң сомго чейин көбөйтүү жагы каралууда»,-деп билдирди КР транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамдын долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Бөлүшүү