Чукул кабар! Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлүүдө

Автор -
219
Сүрөт:

Бүгүн 25-июнда Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болушу күтүлүүдө.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жакынкы 2 саат аралыгында жана кечинде болжол менен ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен шамал катталышы мүмкүн.

Баса, 25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт. 

 

Бөлүшүү