Дүйшөмбү шаарында КМШ ӨБК кеңешмесинде бир катар документтерге кол коюлду

Автор -
257

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-июнда, Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан Республикасы) Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Жыйында төмөнкү маселелер талкууланды:

— Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги экономикалык өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу (каалоо боюнча);

— Эркин тейлөө соодасы жөнүндө келишим долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө Жогорку деңгээлдеги жумушчу топтун төрагасынын маалыматы тууралуу;

— Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу (2018-жылдын күзүндө Казакстан Республикасында өтөөрү күтүлүүдө).

Андан соң КМШ ӨБК кеңешмесинин жыйынтыгы боюнча «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн интеллектуалдык менчик рыногун уюштуруу жана өнүктүрүү жөнүндө Келишим тууралуу», «КМШга мүчө-өлкөлөрдүн энергетиканы инновациялык өнүктүрүү жана алдыңкы энергетикалык технологияларды иштеп чыгуу жаатындагы Кызматташтык концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралар планы жөнүндө» документтерине кол коюлду.

Бөлүшүү