Дайынсыз жоголгон режиссер Шамир Раяповду Капчыгай жайлоосунан издеп жатышат

Автор -
281

Дайынсыз жоголуп изделип жаткан режиссер-дизайнер Шамир Раяповду куткаруучулар Ысык-Көлдүн Кажы-Сай айылындагы Капчыгай жайлоосунан издеп жатышат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Үстүбүздөгү жылдын 11-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 8-июнь күнү 1994-жылы туулган Ш.Раяпов Капчыгай жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. ӨКМдин №38 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, бирок натыйжа болгон жок»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, анын жакындары укук коргоо органдарына кайрылышканын жана чет өлкөгө чыгып кетпегенин билдиришкен.

Шамир Раяповду көрүп билгендер болсо төмөнкү номерге чалып, билдирип коюну суранат: +996 551189 388 (Дастан) и +996 707 779 737 (Кайрат).

Бөлүшүү