Дастанбек Жумабеков энелерди майрамы менен куттуктады

Автор -
243

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков энелерди майрамы менен куттуктады,-деп билдирет ЖКнын басма сөз кызматы.

Куттуктоонун текстин толугу менен келтиребиз;

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан жаркын маанай Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргыз эли байыртан эле энелерин урматтап, байбичелерин сыйлап, кыздарын ардактап келген. Баардык балдардын тили адегенде «апалап» чыгары бекеринен эмес. Анткени, Эне – өмүр бою өз балдарынын түмөн түйшүгүн көрүп, түн уйкусун бөлүп, таалим-тарбиясын берип, бөпөлөп баккан адам. Алтургай, балдары бой жеткен кезинде да алар үчүн ар дайым түйшөлүп, түйшүгү менен кубанычын бөлүшүп турары бышык. Ошондон улам, Эне сүйүү менен мээримдүүлүктүн түгөнгүс мөлтүр булагы болуп саналат.

Андан тышкары, Эне бүткүл адамзаттын тукумун улоочу, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөй турган касиетке ээ. Азыркы заманда энелерибизге, эже-карындаштарыбызга оор жоопкерчилик жүктөлгөн. Алар уул-кыздарын тарбиялап, талыкпай иштөө менен бирге, өлкөнүн коомдук турмушуна да жигердүү катышууда.

Ардактуу энелер, дагы бир ирет – майрамыӊыздар кут болсун. Сиздерге узак өмүр, чыӊ ден-соолук, бакубат жашоо калаймын. Ылайым, бала-бакыраӊыздардын убайын көрүӊүздөр!

Бөлүшүү