Дастанбек Жумабеков этникалык кыргыздардын өкүлдөрүн кабыл алды

Автор -
0

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Өзбекстан менен Тажикстандан Баткен облусунун аймагына көчүп келген этникалык кыргыздардын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууда алардын азыркы турмуш абалы, чечилбей келген көйгөйлөрү жаатында пикир алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

«Этникалык кыргыздарга «кайрылмандар» макамы берилген. Алар он жыл мурда көчүп келишкен. Бирок алардын так саны азыркыга чейин белгисиз. Кайрылман макамына ээ жарандарга жер участкасына ээ болуу, билим жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү кыйла жеӊилдетилген»,-деп айтылат маалыматта.

Кайрылмандар күзүндө өтө турган 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышып, өздөрүнүн сакталып калган каада-салтын, улуттук кийим-кечелерин көрсөтүүгө куштар экенин, бирок кайсы жакка кайрыларын билбей жатышканын айтышты.

Жумабеков жолугушууда айтылган өтүнүчтөрдү эске алып, аларды чечүү жолдорун караштыра турганын билдирди.

 

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү