Дастанбек Жумабеков өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынга кийип келген кийимдерин сынга алды

Автор -
210

Бүгүн, 21-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынга кийип келген кийимдерин сынга алды.

«Жогорку Кеңеште дресс-код, этика, регламент деген бар. Бул жерде түз эфир жүрүп, кыргыз эли көрүп жатат. Булар өздөрүнүн кабинетинде ушинтип отурсун. Бизде тартип деген бар», — деди Жумабеков.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Исламбек Мойдинов: «Сиз айткан сынды туура кабыл алабыз. Мындан кийин кайталанбайт. Жогорку Кеңешке дресс-код, тартип менен киребиз. Кечирим сурайбыз», — деди.

Бөлүшүү