Депутат: Өкмөт орден бере турган адамдарды кызматтан бошотуп жатат

Автор -
237

«Мына, Салык кызматы менен Бажы кызматынын жетекчилерин алмаштырып салышты. Эмнеге? Бажы кызматы өткөн 4 айда бюджетке 3 млрд сомдон ашуун каражат түшүрүптүр, план 1 млрд сомго ашык аткарылыптыр. Мен түшүнбөй турам, Оӊолбековду бажы тармагын оӊоо үчүн алып келиштиби же тоноо үчүн алып келиштиби? Дегеле, бийликке кайсы команда келбесин, Бажы кызматына анын «кошолегу» кошо келет. Өнөкөт кылып алышты. Азыр «капчыктардын» баары бажыда отурат. Мындай жосунду токтотуш керек»,-деп билдирди депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеӊештин жыйынында.

«Салык кызматынын башчысы Октябрь Абдыкаимовду кызматынан алып коюшту. Ал эми анын орун басары Жеӊиш Исаковду эмнеге бошотушту? Эмне, ал бажы тармагындагы коррупциянын бетин ачканы үчүн бошотулдубу? Кызматтан орден бере турган адамдарды бошотуп жатпайсыӊарбы. Күзүндө Өкмөттөн да, өкмөт башчысынан дагы сурайбыз, кантип иштегенин, канча каражат чогултканын», — деди депутат.

Бөлүшүү