Депутат: Коррупцияга шектелип жаткан аткаминерлерди камакка алуу керек

Автор -
0

Бүгүн парламент жыйынында депутат Азизбек Турсунбаев: «Коррупцияга шектелип жаткан аткаминерлердин мүлкүн жана өзүлөрүн убактылуу камакка алуу керек»- деп айтты.

«ЖЭБ – бул башталышы эле, «Датка-Кемин» жана башка жерлерде коррупция кандай кетип жатканын жакшы билебиз деп эл айтууда. Мурда укук коргоо органдары акчасын алып чыгып, мүлкүн сатып качып кетүүгө убакыт берчү. Бүгүн андай кылбаш керек. Азыртан коррупцияга шектүүлөрдү мүлкүн жана өзүлөрүн убактылуу арестке коюш керек. Эгер күнөөлүү эмес болсо акталышы керек. Мыйзам алдында баары бирдей. Уурунун орду түрмөдө! Кийинки келген жетекчилерге бул сабак болушу зарыл»,-деди депутат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү