Депутат: Кыргызстанда «Google-салык» киргизишибиз керек, ошондо чоӊ киреше алабыз

Автор -
209

Азыркы учурда кимдер IT-гиганттардын кирешеси үчүн күрөшүүдө? Көптөгөн ири компаниялар Facebook, Instagram, Twitter сындуу IT-гиганттарда өз товарларын жарнамалаганы үчүн чоӊ өлчөмдө акы төлөйт. Мисалы, ар университет Facebook.ка ай сайын 500 доллар өлчөмүндө акы төлөп турат. Биз дагы Кыргызстанда «Google-салык» киргизишибиз керек, ошондо чоӊ киреше алабыз. Мындай салык Россияда да киргизилди. Бул тууралуу депутат Руслан Казакбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Окуу жайлары эле ушунча акы төлөп жатса, анда ири компаниялардын төлөмүн элестете бергиле. Айрым эксперттердин айтымында, андай мыйзам кабыл алынбагандыктан, биз 500 млн сомдон 1 млрд сомго чейин кирешеден куржалак калат экенбиз. Ошондуктан, биз Россиянын тажрыйбасын колдонушубуз керек. Мындай салыкты киргизүү тейлөө кызматынын наркынын өсүшүнө алып келбейт», — деди депутат.

 

 

 

Бөлүшүү