Депутат: Кытайлардын алдында тизе бүктүрүп чөгөлөтүп отурганыӊырга чоӊ рахмат

Автор -

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБдеги авария жана аны модернизациялоо үчүн карызга алынган 386 миллион доллардын пайдаланылышы боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишинин корутундусун кароо уланууда.

Депутат Камчыбек Жолдошбаев өкмөттүн өкүлдөрүнө сын айтты.

«Үй-бүлөӊөрдү, туугандарыӊарды, кытайлардын алдында тизе бүктүрүп чөгөлөтүп отурганыӊырга чоӊ рахмат. Эмнеге өз күнөөӊөрдү моюнга албай жатасыӊар? Дагы кичине жесеӊер сүттөн ак болуп чыгып калмаксыӊар»,-деди депутат Камчыбек Жолдошбаев.

Бөлүшүү