Депутат Осмонбек Артыкбаевдин баш коргоо чарасы каралды

Автор -

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Осмонбек Артыкбаевдин баш коргоо чарасы тандалды.

УКМКнын басма сөз кыматынан билдиришкендей, 2018-жылдын 7-июнунда КР УКМК тарабынан КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты О.Артыкбаевге «Бишкек ЖЭБин модернизациялоо» долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесини 1-бөлүмүндө (Коррупция) каралган кылмыш белгилери боюнча айыбы тагылып, Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына тергөө аягына чейин кармоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды.

Белгилей кетсек, ал 6-июнда камакка алынган. 

Бөлүшүү