Депутат: Терроризм боюнча соттолгондордун  30%нын күнөөсү жок

Автор -
0

Бүгүн, 26- апрелде «Ата-Мекен»  фракциясы «Белизгейт» маселесин карап жатат.

Жыйынга катышкан депутат Каныбек Иманалиев терроризмге шектелип, соттолгондор «отчет» үчүн эле отурат деп билдирди.

«Терроризм боюнча кармалгандардын 30 пайызынын күнөөсү жок. Алар жөн гана отчет берүү үчүн кармалып турат. Анткени, терроризмге шектелгендер момунча деп айтыш керек. Кече күнү эле Россия жеӊил кылмыш кылгандарды актап чыкты. Сиздер да жакшылап изилдеп чыгыӊыздар»,-дейт Иманалиев.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү