Депутат: Жалгыз гана Нарын районунда аймактык оорукана жок

Автор -
347

«Жалгыз гана Нарын районунда оорукана жок»,-деп билдирди депутат Алмасбек Акматов . Жогорку Кеңештин 7-июндагы жыйынында эл өкүлү тез аранын ичинде болгону 60 орундуу оорукана салуу керектигин сунуштады.

«Райондук оорукана буга чейин губернатор жана акимдердин шалаакылыгынан улам жоюлуп кеткен экен. Жакында эл менен жолугушууга барсам, маселени дагы көтөрүштү. Жергиликтүү кеңештин депутаттары, эл өзү дагы мага чейин көтөрүп келген. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Ошондуктан тез арада ооруканага салуу боюнча өкмөткө кайрылам Оорукана ачууга 30 миллион сом эле кетет экен. Бул акча бюджетте жок дебестен облуска бөлүнгөн каражаттан ошол жакка которууну сунуштайм. 43 миңден ашык калкы бар район эли ооруп калса, оорукананын жоктугу өзү чоң көйгөй»,- деди Акматов.

Бөлүшүү