«Джунда» заводу тарыхый-маданий мурас болгон көрүстөндөрдү бузуп жатат

Автор -
216

Чүй облусунун Жайыл районундагы ОсОО «Чайна Петроль Компани Джунда» мунай иштетүүчү компаниясы тарабынан Жер кодексинин талаптары одоно бузулууда, деп билдирет Мамэкотехинспекциясы.

Тактап айтканда, «Джунда» заводуна убактылуу ижарага берилген жер аянтында жайгашкан тарыхый-маданий мурас болгон көрүстөндөр бузулуп, жок болуп кетүү коркунучунда турат. Мыйзамга ылайык тарыхый мурастар жайгашкан жерлердин коргоо тилкелеринде курулуш иштерин жүргүзүүгө тыйуу салынат.

Мамэкотехинспекцияся бир нече ирээт заводтун жетекчилигине тарыхый көрүстөндөрдү бекитилген долбоордун негизинде тосмолор менен курчап, мыйзам талабына келтирүү боюнча көрсөтмөлөрдү беришкен. Бирок, тилеке каршы адистердин койгон талаптары бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келет. Анын кесепетинен биздин заманга чейинки 3-5 кылымдарга таандык тарыхый мурас катары эсептелинген кургандар четинен талкаланууда.

Ошондой эле, аталган чөлкөмдүн жер кыртышы бузулуп, экологияга зыян алып келүүдө. Буга байланыштуу Мамэкотехинспекция мунай иштетүүчү компаниясынын жер кыртышын бузуп, Кыргыз Республикасынын мыйзамын сактабагандыгына байланыштуу тийиштүү материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлмөкчү.

Бөлүшүү