Эмомали Рахмон Орусиядагы тажик мигранттары үчүн жеңилдик сурады

Автор -
249

Бул маселе 31-майда өлкө президенти Эмомали Рахмон менен Душанбеге расмий сапар менен барган Орусия премьер-министри Дмитрий Медведевдин жолугушуусу маалында талкууланды.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ошондой эле «тажик мигранттарынын социалдык камсыздоосун жакшыртуу жана алардын Орусия эмгек базарына уюшкандык менен жөнөтүлүшү тууралуу» дагы сөз болду.

Жыл сайын миллионго жакын тажик жараны жумуш издеп Орусияга кетет. Мекенинде калган үй-бүлөсүн багууну көздөгөн аларды бөтөн жердеги жашоо, оор эмгек шарттары, күч кызматкерлеринин негизсиз кармоолору жана катаал миграциялык мыйзамдар токтотпойт. Мындан улам Орусияда иштеген тажик жарандарынын саны жыл сайын көбөйүп келет.

Орусиянын министрлер кабинетинин башчысы Душанбеге 30-май кечинде барган. 1-июнда Медведев КМШ өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.

 

Бөлүшүү