Эрика Марат Вашингтондо кафедра башчысы болду

Автор -
255

Теги кыргызстандык, учурда АКШда жашаган саясат талдоочу, Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Мараттын кызмат даражасы көтөрүлдү. Ал аталган университеттин Эл аралык коопсуздук маселелери боюнча колледжине кафедра башчы болуп дайындалды. Окуу жай Пентагонго карайт.

Эрика Марат өзү «Азаттык» радиосуна билдиргендей, жаңы кызматына июлда расмий иштей баштайт. Алар америкалык жана чет элдиктерге аскерий стратегиядан сабак беришет.

Эрика Марат саясат жаатындагы анализдери, Борбор Азия саясатына жана эл аралык байланышка байкоо салган макалалары менен белгилүү. Ал Улуттук коргонуу университетинде 2014-жылдан бери иштейт.

Бөлүшүү