Эрнис Кыязов  5-каналга жетекчи болуп дайындалды

Автор -
340

«5-канал» Жабык акционердик коомунун башкы директору болуп шайланды. Бул тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан кабарлашты.

«Эрнис Кыязов  «5-канал» ЖАКнын жалгыз акционери «Жыйырма бешинчи кадрдын» чечими менен кечээ, 2-майда директор болуп шайланды», -деп жазылат маалыматта.

— Кыязов Эрнис Абибиллаевич,

1977-жылдын 15-ноябрында Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган.

1994-1999-жылдары Кыргыз улуттук университетинин Журналистика факультетинде билим алган.

 

Эмгек жолу:

— 1997-1998-жылдары «Кыргыз Руху» гезитинин штаттан тышкаркы кабарчысы;

— 1999-жылы — Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын Жаңылыктар, «Замана» берүүлөрүнүн алып баруучусу, редактору;

— 2000-2005-жылдары — КООРТ телеканалынын кабарчысы, жаңылыктардын алып баруучусу, «Апта» аналитикалык программасынын алып баруучусу;

— 2005-жылы ЖКнын аппаратынын маалымат кызматынын башчысынын орун басары, «Парламент» берүүсүнүн алып баруучусу. (Мамлекеттик кызматтын 3-даражадагы кеңешчиси);

2005-2007-жылдары — Улуттук телерадиокорпорациясындагы «Багыт» автордук берүүсүнүн автору жана жетекчиси, «Кыргызстан» маалымат-аналитикалык редакциянын продюсери,

2007-2008-жылдары — УТРКнын башкы директорунун орун басары;

2009-2010-жылдары — УТРКдагы «Замана» студиясынын продюсери, Социалдык-экономикалык жана инновациялык программалардын бөлүмүнүн продюсери, «Сөз ирмем» телеберүүсүнүн автору, «Достук көпүрөсү» эл аралык теледолбоорунун алып баруучусу;

2010-2013-жылдары — ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын Жаңылыктар бөлүмүнүн башкы продюсери;

2013–2014-жылдары – «Ош ТВ» телерадиокомпаниясынын башкы директору;

2015-жыл — НТС телеканалындагы «Ар тарап» ток шоу берүүсүнүн алып баруучусу.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бөлүшүү