«Евровидение» уюштуруучулары сынакты Иерусалимде өткөрүүнү каалашпайт (Видео)

Автор -
249

«Евровидение» уюштуруучулары сынакты Иерусалимде өткөрүүдөн баш тартышты. Бул тууралуу израилдик «Хааретц» сайты маалымдады. Европа кабар таратуу биримдиги талаш жараткан аймакта ыр сынакты өткөрүү кооптуу деп эсептөөдө.

Палестиналыктар Чыгыш Иерусалим алардын болочоктогу мамлекетинин борбору болсо деп эсептешет. Израиль да Иерусалимди өз калаасы деп санайт. Евробиримдик израилдиктер менен палестиналыктардын ортосундагы жаңжалды чечүүнүн орток жолу – Иерусалимди эки элдин борбору катары жарыялоо деп бир нече жолу маалымдаган.

14-майда Иерусалимде АКШнын элчилиги ачылган – муну менен Вашингтон бул шаарды Израилдин борбору катары тааныган. Президент Дональд Трамптын чечимине палестиналыктар эле эмес бир катар өлкөлөрдүн лидерлери да нааразы болушкан.

Быйыл «Евровидение» сынагын израилдик ырчы Нетта жеңип алган. Жыйынтыктар чыгары менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху кийинки иш-чара Иерусалимде өтөрүн жарыялаган.

Бөлүшүү