Футбол боюнча чемпионатта Жээнбеков кайсы командаларга күйөрмандык кылары маалым болду

Автор -
0

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков футбол боюнча Дүйнө чемпионатында эки өлкөнүн командаларына күйөрмандык кылат. Алар Россия жана Германиянын курама командалары.  Бул тууралуу КР президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Бүгүн, 14-июнда Россияда ДЧ-2018 расмий ачылыш аземи болот. Мамлекет башчысы футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылышына катышат.

Белгилей кетсек, С.Жээнбеков бүгүн РФнын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча бир күндүк иш сапар менен Россиянын Москва шаарына учуп кетти.

Андан тышкары эки өлкө лидеринин эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө, анда эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин талкууланат.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү