«Өгөй кызын зордуктады» деп камалган ата 20 жылга эркинен ажыратылды

Автор -
315

Ош облустук соту өгөй кызын 5 жылдан бери зордуктап жүргөн атаны 20 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2018-жылдын 27-февралында Өзгөн райондук соту кыздын өгөй атасын күнөөлүү деп таап, 15 жылга эркинен ажыраткан. Бирок айыпталуучу сотто күнөөсүн мойнуна алган эмес. Жабыркаган кыздын жакындары бул чечимге нааразы болуп Ош облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Алар облустук соттон айыпталуучуну өмүр бою абакка кесүүнү өтүнүшкөн.

Соттун чечимине ылайык, айыпталуучу жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөмөй болду.

 

Бөлүшүү