ИИМ: Адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн 20 жаштагы шектүү кармалды

Автор -
205

2017-жылы адам өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн 20 жаштагы шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя 2017-жылдын октябрь айында Жумгал районунда катталган. Анда 57 жаштагы С.Э. аттуу жергиликтүү тургун менен шектүүнүн ортосунда өз ара пикир келишпестиктен улам С.Э.ге бычак сайылган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам аймактык ооруканада жарым ай дарыланып, андан соң каза болгон.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын Аламүдүн районунда жүргүзүп, натыйжада Нарын облусунун Жумгал районунун 1998-жылы туулган Н.уулу.Э. аттуу жашоочусун колго түшүрүшкөн.

Кармалган жаран Жумгал РИИБи тарабынан 2017-жылдын ноябрь айында Кылмыш-жаза кодексинин 28 жана 97-беренесинде (киши өлтүрүү) көрсөтүлгөн кылмыш ишин жасагандыгы үчүн издөөгө алынган.

Азыркы учурда Н.уулу.Э. Жумгал РИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

Бөлүшүү