Интернетке чыгарам деп коркутуп, 5 айдан бери кызды зордуктап жүргөн жаран кармалды

Автор -
0

Ош шаарында 24 жаштагы кызды коркутуп, 2017-жылдын декабрь айынан бери зордуктап жүргөн 26 жаштагы бала кармалган. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБдин басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, милиция кызматкерлерине жабырлануучу кыз арыз менен кайрылган.

 «Кылмышка шектүү жигит жабырлануучуну экөөбүздүн сексуалдык карым-катнашыбызды видеого тартып алганмын, каршылык көрсөтсөң видеону ата-энеңе кѳрсѳтүп, интернетке чыгарамын деп айтылгандыгы жазылган»,-деп кабарлашты милициядан.

Мындай коркутуу жолу менен шектелүүчү жыныстык катнашка барып жүргөн

«Акыркы ирет 27-апрелде, күндүзкү саат 15:00 чамаларында Ак-Буура дарыясынын боюнда ушундай ишке барган. Кылмышка шектүүнүн мындай токтобогон аракеттерине чыдабаган кыз ошол эле күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгына арыз менен кайрылган»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 2018-жылдын 28-апрелинде кылмышка шектүү катары Т.Д., аттуу жаран кармалган.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тиешелүү соттук-биологиялык, медициналык экспертизалар жүргүзүлүүдө.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү