Иззат Артыков оор атлетика боюнча Кыргызстан чемпиону болду

Автор -
0

Оор атлетика боюнча 21-майдан 23-майга чейин чоңдор арасында Өлкө чемпиондугу өттү.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, эки күнгө созулган чемпиондукка жалпысынан 88 спортчу катышкан. 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарындагы жайкы Олимпиада оюндарынан кийин допинг табылып спорттон четтетилгенден бери Иззат Артыков алгачкы жолу мелдешке түшүп, 69 килограмм салмактык категорияда өлкө чемпиону аталды. Ал эки көнүгүүдөн кийин 297 килограмм көрсөткүчкө жетип, муну менен алтын байгенин ээси болду.

Мындан сырткары эркектер арасындагы мелдештин салмак категориялары боюнча 56 килограммда Чойбек Сартбаев, 62 килограммда Кадырбек Айтпеков, 77 килограммда Эмил Молдодосов, 85 килограммда Сергей Комушев, 94 килограммда Бекдөөлөт Расулбеков, 105 килограммда Вячеслав Шайнуров жана 105 килограммдан жогоркулардын арасында Дастан Жылдызбек уулу жеңүүчү болушту.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

comments powered by HyperComments
Бөлүшүү